Өзбекстан: дыйкандардан пландан ашык буудай алынууда
Өзбекстандын Фергана облусунда эгин жыйноо боюнча мамлекеттик планды аткарган дыйкандардын талаада калган буудайлары күч менен тартып алынууда. Бул тууралуу жергиликтүү дыйкандар билдиришүүдө.
Алардын биринин айтымында, жергиликтүү бийлик акыркы он беш жылдан бери алгачкы жолу ар бир гектар үчүн белгиленген центнер өлчөмүн негизсиз көтөрүп жиберди.
Президентибиз быйылкы жылды «Активдүү ишкердүүлүктү, инновациялык идеяларды жана технологияларды колдоо жылы» деп жарыялаган. Бирок тилекке каршы, бизде баары тескерисинче болуп жатат.
Дыйкандын айтымында, Айыл жана суу чарба башкармалыгы менен буудай кабыл алуу комбинаты келишимди өздөрү каалагандай түзүшөт. «Алгач, алар баарын өзүлөрү жазып, мөөр басышат. Андан кийин дыйканга беришет. Ал болсо ага мөөрүн басууга аргасыз болот», — деди ал.