15:46, 21 июня 2018, 24.kg

Түркмөнстанда жыл башынан бери ширеңке 14 эсеге кымбаттаган

Түркмөнстанда жыл башынан бери айрым азык-түлүк түрлөрү менен товарлардын баалары бир нече эсеге жогорулады. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашөгүз облусундагы кабарчысы жергиликтүү базарларды кыдырып, калк арасында суроо-талапка ээ товарлардын баалары менен таанышып чыккан.

Кабарчынын билдиргенине караганда, Дашөгүздө шекер менен ун өтө тартыш, аларды мамлекеттик дүкөндөрдүн текчелеринен дээрлик көрүүгө болбойт. Базардагы баалары болсо мамлекет тарабынан белгиленген баадан бир нече эсеге кымбат.

«Дашөгүздө дээрлик ун табууга мүмкүн эмес. Тургундар ун сатып алууга бир ай эрте кезекке жазылып жатышат. Бирок ун дээрлик алып келинбейт. Базарларда буудай жок, жүгөрүнүн килограммы 13 манатка чейин (расмий курс боюнча 4 долларга жакын) кымбаттады. Ун тартыштыгынан улам аймактагы наабайканалардын көбү жабылды», — деп билдирди кабарчы.

Анын билдиришинче, өнөр-жай товарларынын ичинен ширеңкенин баасы 14 эсеге жогорулаган. Жыл башында кутучасы 0,5 манаттан сатылып жаткан болсо, азыр анын баасы 7 манатты түзөт.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18