№ 1 стоматологиялык ооруканасын ким менчиктештирген? Депутат кызыгууда
Депутат Аида Исмаилова укук коргоо органдарына кайрылып, Бишкектеги № 1 стоматологиялык ооруканасын жана № 1 Тез жардам медициналык борборунун унаа токтотуучу жайын кимдер менчиктештирип алганын иликтөөнү суранды.
«Кандай негизде сатып алды? Ага ким жардам берди? Мен укук коргоо органдарынан иликтөөнү суранат элем. Бизде социалдык объекттерди менчикке чыгарууга каршы мыйзамдар бар», — деди ал.
Депутаттын билдиргенине караганда, Медетов аттуу жаран Тез жардам медициналык борборунун унаа токтотуучу жайын дагы менчикке өткөрүп алган.