Өлкө бийлигин жемкорлук менен күрөшүүнү репрессияга айландырбоого чакырышты
Депутат Ирина Карамушкина өлкө бийлигин жемкорлук менен күрөшүүнү улантуусун, бирок аны репрессияга айландырбоого чакырды.
Ирина Карамушкина УКМКнын тергөө абагында жатышкан экс-премьер-министри Сапар Исаковду, бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовду, депутат Осмонбек Артыкбаевди барып зыярат кылышканын айтты.
Эске салсак, аты аталган аткаминерлерге карата жемкорлук айыбы тагылууда.
Ал билдиргендей, соттолгон мурунку аткаминерлер эгерде сот күнөөлөрүн далилдесе жооп берүүгө даяр.