09:42, 21 июня 2018, 24.kg

Белоруссияда Чыңгыз Айтматов атындагы парк пайда болду

Белоруссиянын борбор кааласында Чыңгыз Айтматов атындагы парк пайда болду. Маалыматты Кыргызстандын Минск шаарындагы элчилиги ырастады. 

Алардын маалыматында, залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата шаардык кеңештин депутаттары паркка Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгарышты. Сейил бакка жазуучунун айкели орнотуу пландалууда. Андан тышкары, паркта китеп текчелери пайда болот. Ага жазуучунун чыгармалары коюлат.

Парктын аянты 19, 6 гектар.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө боюнча Өзбекстанда, Түркияда чечимдер кабыл алынган. Ал эми Алма-Ата шаарында жазуучунун ысмы көчөгө ыйгарылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18