09:15, 21 июня 2018, 24.kg

Оор кылмышка шектелген тажик жаранына кыргыз паспортунун берилиши иликтенүүдө

КР ИИМдин криминалдык милиция кызматы өз өлкөсүндө оор кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Низомхон Жураев аттуу Тажикстандын жаранына кыргыз паспорту мыйзамсыз берилгенин аныктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жураев былтыр Украинада кармалган. Ал Кыргызстандын паспортун башка ат менен алганы тергөөдө аныкталган. Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 18-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузактагы бөлүмүнүн А.А. аттуу башкы адиси кармалып, убактылуу кармоо жайына камалды.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18