09:10, 21 июня 2018, 24.kg

Осмонбек Артыкбаев жүрөгү ооруп, кан басымы жогорулап кеткенин айтып даттанууда

КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев жүрөгү ооруп, кан басымы жогорулап кеткенин айтып даттанууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди. 

Маалыматка караганда, аталган борбордун кызматкерлери депутатты зыярат кылышкан.

«Депутат дарыланайын десе медицина кызматкерлери анын кан басымы нормалдуу экенин айтышкан. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Эгерде ден соолугу кескин начарлап кетсе ооруканага которулат», -деди Нурдин Сулайманов.

Ал билдиргендей, Осмонбек Артыкбаевге тез жардам чакырылган эмес.

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жемкорлук айыбы тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18