КМШда Орусиядан которулган акчанын көлөмү боюнча Өзбекстан алдыда
Орусиядан которулган акчанын көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан биринчи орунда турат. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкы кабарлады.
2018-жылдын биринчи кварталында жеке адамдар тарабынан Орусиядан Өзбекстанга 726 миллион АКШ доллары которулган.
Түркмөнстанга болсо Орусиядан болгону 200 миң гана доллар жөнөтүлгөн.