Өзбекстанда эгин жыйноо планын аткарбаган дыйкандардын малы тартып алынууда
Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы фермерлердин билдиришинче, жергиликтүү бийлик эгин жыйноо планын аткарбаган дыйкандардан тапшырылбаган ар бир килограмм үчүн 1200 сум талап кылууда. Акча менен төлөй албаган фермерлердин малдары тартып алынууда.
«Быйыл кургакчылык болуп, суунун жетишсиздигинен улам дыйкандарын 80-90 пайызы эгин планын аткара алышкан жок. Азыр облус жана район жетекчилери эгин таап, мамлекетке өткөрүүнү талап кылышууда. Кабыл алуу жайларында ар бир тапшырылбаган килограмм үчүн 1200 сумдан (0,15 доллар) сурап жатышат. Быйыл жазында дыйкандар суу жетишсиз болуп жатканын айтып, тиешелүү мекемелерге арызданышкан. Бирок бийлик аба ырайын жана суунун жетишсиздигин эске албастан, мамлекеттик планды аткаруу үчүн жетпей калган эгинди талап кылууда», — деди дыйкандардын бири.
Анын айтымында, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлерин ээрчитип, эгин планын аткарбаган дыйкандардан малын сатып, акчасын мамлекетке тапшырууну талап кылышууда.
Мажбурлап аткартуу бюросунун Сурхандарья облусундагы бөлүмүнөн план аткарбаган дыйкандардын малы алынып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагышты.