13:38, 20 июня 2018, 24.kg

АКШ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыкты

АКШ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин курамынан чыкты. Бул тууралуу шейшембиде АКШнын Улуттар уюмундагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Мамлекеттик департаментте сүйлөп жатып билдирди.

АКШнын укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү Дональд Трамптын администрациясынын бул чечимине өкүнүчүн билдиришти. 12 уюмдун өкүлдөрү биргелешкен билдирүү жасашып, АКШнын Адам укуктары боюнча кеңеште жок болушу — «адам укуктарын бекемдөө жана дүйнө боюнча жабыркагандарга жардам берүүнү кыйла оорлото» турганын белгилешти.

Кошмо Штаттар кеңештин ишине катышуудан 2006-жылы, ал түзүлгөндө эле баш тарткан. Бирок Барак Обама президент болуп турганда АКШ кеңешке мүчө болуп кирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18