Түштүк-Казакстан облусунун аталышы Түркестан деп өзгөртүлдү
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Шымкент республикалык маанидеги шаар макамын алып, облустун административдик борбору Түркестанга көчүрүлдү. Ошондой эле Түштүк-Казакстан деген облус аталышы Түркестан деп өзгөртүлдү.
Нурсултан Назарбаев жарлыкка кол коюп жатып, Шымкент Астана менен Алматыдай эле калкы миллиондон ашкан шаарлардын катарына киргенин айтты.
5-июнда Түштүк-Казакстан облусунун маслихаты облус борборун Шымкенттен Түркестанга көчүрүү жана Шымкентке республикалык маанидеги шаар макамын берүү сунушун жактырган.
Түркестан Шымкенттин түндүк-батыш тарабында 170 чакырым алыстыкта жайгашкан. Калкынын саны 260 миңге жакын.