2017-жылы Бурана мунара комплексине 30 миңге жакын турист келген
2017-жылы Бурана мунара комплексине 30 миңге жакын турист келген.
«Мында келген туристтердин саны жылдан жылга көбөйүүдө. Айрыкча Дүйнөлүк көчмөндөр оюну башталган бери жакшы жарнама болду. Дүйнөдө канча мамлекет болсо ошончо өлкөдөн турист келди десек жаңылбайм», — деди музей кызматкери Турдугүл Урбаева «24.kg» агенттигине.
2016-жылы «Тарых жана маданият жылы» жана «Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын» алкагында 2 бөлмөлүү эски имаратта орун алган музей жаңы салынган айнек имаратка көчүрүлгөн.
Ачык асман астындагы балбал таштар Кемин, Чүй өрөөнүнөн чогултулуп келинген.
«Көчмөн түрктөр эстелик катары коюшкан балбал таштарды жеке эле Кыргызстандан эмес, Казакстан, Алтай, ал тургай Монголиянын аймактарынан да кезиктирүүгө болот. Бул Караханиддер чоң территорияны ээлеп турган дегенди билдирет», -дейт ал.
Минарет -кароол мунарасы гана болбостон, ошол убактагы жергиликтүү элди беш убак намазга чакырып тургандыгы белгилүү.
Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Бурана мунара комплекси, X-XI кылымдарда Караханиддер мамлекетинин убагында Баласагын деген гүлдөгөн шаар болгон. Маалыматтарга караганда, минареттин алгачкы бийиктиги 48 метрге жеткен.