09:50, 20 июня 2018, 24.kg

Кыргыз-орус мамилелери. Товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 500 миллиард долларды түздү

2017-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 миң 500 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Элдар Абакиров Жогорку Кеӊеш менен Федералдык Жыйындын ортосундагы кызматташтык мамилелер боюнча парламенттер аралык комиссиянын кезектеги отурумунун жүрүшүндө билдирди.

Маалыматка караганда, былтыр экспорттун көлөмү 260 миллион долларды түзгөн.

«Учурда орусия-кыргыз өнүктүрүү фонду 276 миллион доллар наркындагы 1064 долбоорду жактырды. Фонд тарабынан каржыланган ишканалардын экспорту 35 пайызга өстү», — деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18