Орусия Канттагы авиабазасын кеңейтүүгө кызыгат
Орусия Кантагы авиабазасын кеңейтүүгө жана анын күчүн арттырууга кызыгат. База Кыргызстандын түштүк аймагын да камтышы ыктымал. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Виктор Заварзин Бишкекте кыргыз-орус аскердик кызматташтык маселелерин талкуулаган жыйында билдирди.
Орусиянын дагы бир базасын ачуу маселеси акыркы он жылдан бериталкууланып келатат. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков былтыр Москвадагы иш сапарында орусиялык маалымат каражаттарына «жалпы аймактын коопсуздугу үчүн кыргыз-тажик чек арасында аскердик база болушу керек» деген пикирин билдирген болчу. Айрым адистер «бул маселе боюнча коомчулуктун, адистердин кеп-кеңеши керек» деген пикирин айтышкан.
Орусиянын Канттагы аскер-аба базасы 2003-жылы ачылган. Орусиянын төрт аскердик объектиси былтыр ага кошулуп, расмий бириккен аскер базасы деген макам ыйгарылган.