Өзбекстан Кыргызстан менен биргеликте турларды уюштурат
Өзбекстан Кыргызстан менен биргеликте турларды уюштурат. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазышты.
18-июнда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстандын туризм департаментинин адиси Санжар Боркеев биргелешкен турларды уюштуруу тууралуу Өзбекстан менен Казакстанга каттар жөнөтүлгөнүн билдирген.
Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов Ташкент үчүн туристтик базаны өнүктүрүү өтө маанилүү маселе болгондуктан, өзбек тарап биргелешкен турларды уюштуруууга даяр экенин билдирди.