Сапар Исаковго жубайы менен жолугууга уруксаат берилди
Тергөө абагында жаткан мурунку премьер-министр Сапар Исаковго аялы менен жолугууга уруксаат берилди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын үзөңгүлөштөрү билдиришти.
Маалыматка караганда, процессуалдык процедураларга ылайык өттү. Буга чейин кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери Сапар Исаковдун кармоо шарттарына карата нааразычылыгы жок экендигин билдирген. Ошондой эле, ал өзүн канааттандыраарлык сезип жатканын айтышкан.
Эске салсак, Сапар Исаковго жемкорлук айыбы тагылууда.