Түрк телеканалдары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын түз эфирде көрсөтөт
Түрк телеканалдары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын түз эфирде көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушканда айтты.
Маалым болгондой, кызматташууга түрк маалымат агенттиктери дагы даяр турушат
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну мындан аркы кеңейтүү маселелери талкууланды.