14:55, 19 июня 2018, 24.kg

Кыргызстандык 2 спортчу кекушинкай-кан каратеси боюнча коло медалды багындырышты

Кыргызстандык спортчулар кекушинкай-кан каратеси боюнча Азия чемпионатында 2 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине кекушин будо-карате Федерациясынын башкы катчысы Николай Рагрин билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеш Астана шаарында өтүп, ага 12 өлкөнүн спортчулары катышты.

Кыргызстандын атынан 7 спортчу ат салышып, аялдар арасында 60 килограммадан жогорку салмак категориясында Бегимжан Касымова коло медалды утуп алды. Ал эми эркектер арасында 90 килограмм салмак категориясында Мирлан Үсөнгазиев коло медалдын ээси аталды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18