14:41, 19 июня 2018, 24.kg

Айбек Калиев тергөө абагындагы машыктыруучу залда машыгып жатат

Улуттук Энергохолдинг компаниясынын мурунку башчысы Айбек Калиевди кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери зыярат кылышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.

Маалыматка караганда, мурунку аткаминердин ден соолугуна байланыштуу нааразычылыгы жок. Эске салсак, Айбек Калиев жемкорлук боюнча айыпталып тергөө абагында жатат.

«Айбек Калиев бир жума мурун бөйрөгү ооруганын билдирген. Ал анализдерин тапшырды, жыйынтыгы начар эмес. Улуттук Энергохолдинг компаниясынын мурунку башчысы тергөө абагындагы машыктыруучу залда машыгып жатканын айтты», — деди Нурдин Сулайманов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18