14:28, 19 июня 2018, 24.kg

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөр борбордук жылуулук берүү тармагына кошулат

Жалал-Абаддагы 200дөн ашуун көп кабаттуу үйлөрдүн болгону кыркка жакыны борбордук жылуулук берүү тармагына туташтырылган. Бул тууралуу аталган шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жылуулук тармагына кошулбаган үйлөр электр кубатын пайдаланышат. Мындан улам, электр жарыгын берүү үзгүлтүккө  учурап келген. Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн, көп кабаттуу үйлөрдү борбордук жылуулук берүү тармагына кошуу иштери башталды. 

Билдирүүгө ылайык, учурда 5 от казаны курулуп бүттү. Шаардагы үйлөрдү борбордук жылуулукка өткөрүү ишине «Кыргызжылуулукэнерго» ишканасы жыл башында 10 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18