Дональд Трамп Кытайды соода согушун күчөтөм деп коркутту
Эгер Кытай америкалык товарларга бажы тарифин киргизсе, анда АКШ жалпы баасы 200 миллиард долларды түзгөн кытай продукцияларына карата 10 пайыздык кошумча бажы төлөмүн киргизет. Бул тууралуу дүйшөмбүдө АКШ президенти Дональд Трамп билдирди.
Президент баарынан да аны Кытай бийлигинин америкалык интеллектуалдык менчиктерди коргоодон баш тарткандыгы нааразы кылып жатканын белгиледи.
Трамптын бул сөздөрүнө Кытайдын Соода министрлиги тез эле жооп кайтарды. Мекеме АКШ президентин «опузалоо тактикасы» үчүн айыптап, «чектен чыккан басымга катаал жооп бере» тургандыгы менен коркутту.