Абактагы Осмонбек Артыкбаевдин ден соолугу начарлап, тез жардам чакырылды
УКМКнын тергөө абагында жаткан депутат Осмонбек Артыкбаевдин ден соолугу начарлап, тез жардам чакырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине депутаттын жакындары билдиришти.
Эске салсак, депутатка жемкорлук боюнча айып тагылган.
«Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотунун депутатты камоо тууралуу биринчи инстанциясынын чечимине даттанган. Бирок, соттук отурум качан болоору белгисиз. Жактоочу депутаттын ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылышын өтүнөт», — деп билдиришти өздүк булактар.