Москвада Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулат
Москвада жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык жыйыны ортосундагы байланыш боюнча парламенттер аралык комиссиясынын кезектеги отурумунда маалым болду.
«Мен Чыңгыз Айтматовду жакындан таанычумун. Аны менен Брюсселде чогуу иштешкем. Анын орус тили тууралуу эмне деп айтканын интернеттен таап окуп көргүлөчү, мен жазуучунун айткандарын мурда угуп көргөн эмесмин», — деди Виктор Заварзин.