08:55, 19 июня 2018, 24.kg

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жаңы китептер жарык көрөт

Кыргыз улуттук тил жана адабият академиясы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жаңы китептерди басып чыгарат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Маалым болгондой, басып чыгарууга 5 миллион 500 миң сом сарпталат.

Аталган каражат Чыңгыз Айтматовго арналган 2 томдон турган «Манастай айкөл» ырлар жыйнагын, жазуучунун чыгармаларынын негизинде изилденген кыргыз жана орус тилдериндеги китептерди чыгарууга коротулат. 

Кошумчалай кетсек, «Айтматов жана бүткүл дүйнөлүк руханий маданият» жыйнагы жана эл аралык симпозиумду өткөрүү үчүн 500 миң сом каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18