Орусияда жеке адамдардын колунда 17 миллиондон ашык курал-жарак бар
Орусияда жеке адамдардын менчигинде 17,6 миллион даана кичикалибрдеги курал-жарак бар. Бул Европа өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жогорку жана дүйнөдөгү бешинчи көрсөткүч болуп эсептелет.
Мындай маалыматтар 18-июнда Small Arms Survey иликтөө борбору тарабынан жарыяланды.
АКШда 100 адамга 120, Йеменде 53, Черногория менен Сербияда 39, Германияда 20 жана Орусияда 12 даана курал-жарак туура келет.
Small Arms Survey борборунун маалыматына караганда, дүйнөдөгү кичикалибрдүү курал-жарактын 85 пайызы же 857 даанасы жеке адамдардын колунда. Ошол эле маалда аскерлерде, полициячыларда жана атайын кызмат өкүлдөрүндө мындай куралдын болгону 156 миллион даанасы гана бар.