17:19, 18 июня 2018, 24.kg

Алматыда беш кабаттуу үйдөгү өрттөн улам 100гө жакын киши эвакуацияланды

Алматыда көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги өрттөн улам ондогон адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Казакстан ИИМинин алдындагы өзгөчө кырдаалдар комитетинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жабыркагандар жок.

Шаардын Жамбыл жана Муратбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйдөгү өрт эртең мененки саат ондо толук өчүрүлүп бүткөн. Куткаруучулар билдиришкендей, жалпысынан үйдөн 100 киши, анын ичинде 20 кичинекей бала эвакуацияланды.

Быйыл 25-мартта Орусиянын Кемерово шаарындагы соода борбордо өрт чыгып, 64 киши каза болгондон кийин, Казакстанда адамдар көп чогулган жерлердеги өрт тууралуу маалыматтарга көп көңүл бурула баштады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18