15:45, 18 июня 2018, 24.kg

Ала-Бука районунда мектеп окуучусун зордуктаганга шектүү жаран кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда мектеп окуучусун зордуктаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган облустун ИИБсы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-июнда өспүрүм кыз экзаменге даярдануу үчүн кошунасыныкына кетип, дайынсыз жоголгон. Кийинки күнү кыздын атасы милицияга кабар берген.

«Ыкчам издөө иш чарасынын негизинде 11-класстын окуучусу табылган. Аны азиат улутундагы белгисиз жаран зордуктаганы маалым болду. Кылмышка шектүү делип Ала-Бука районунун тургуну кармалды. Ал күнөөнү мойнуна алып, унаадан зордуктаганын айткан», -деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18