Тажикстанда күйүүчү май кымбаттады
Тажикстанда суюлтулган газдын баасы акыркы бир жумадан бери кеминде 60 дирамга кымбаттады.
Азырынча бул абал боюнча тажик бийлиги менен өлкөгө күйүүчү май ташып келген компаниялардын өкүлдөрү эч кандай комментарий берише элек.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, Тажикстанда жеңил автоунаалардын 60% суюлтулган газ менен жүрөт.
Ал баалардын жогорулашын Казакстандан газ келбей калгандыгы жана өлкөдө түшүм жыйноо башталгандыгына байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талаптын жогорулашы менен түшүндүрдү.