12:24, 18 июня 2018, 24.kg

Кыргыз тилдүү синтезаторду ишке ашырууда 1 600 кыргызча сөз тандалып алынды

Кыргыз тилдүү синтезаторду ишке ашырууда 1 600 кыргызча сөз тандалып алынды. Бул тууралуу маалымат жыйында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын директору Назаркул Ишекеев билдирди.

Маалыматка караганда, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпысынан 500 000ден ашуун кыргызча сөз керектелет. Азырынча 1600 сөздү долбоорго салым кошкондордун бири Орусиялык Ольга Яковлева киргизип, ишке ашырды.

«Бул долбоорду ишке ашырган «Феномен» коомдук фонду менен АКШнын элчилиги.  Биз аталган фонд менен 15 жылдан бери иштешип келебиз. Долбоордун алкагында 3 программа коомчулукка тартууланат: Эркек үнү менен жазылган Азамат синтезатору, азиздер үчүн экранды жеткиликтүү кылган кыргыз версиясындагы эки программа JAWS жана NVDA», -деди Назаркул Ишекеев.

Айтымында, аталган программалар акысыз жана оңой Windows жана Android системасындагы планшеттерге, уюлдук сенсордук телефондорго жана компьютерлерге коюлат. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18