Азиз жана көрүүсү начар балдар кыргыз тилинде билим ала башташат
Азиз жана көрүүсү начар балдар кыргыз тилинде билим ала башташат. Бул тууралуу маалымат жыйында Феномен коомдук фондунун президенти Искендер Султаналиев билдирди.
«Былтыр апрелде аялдын үнү менен жазылган синтезаторду ишке киргизгенбиз. Бирок, балдардын өтүнүчү менен эркектин үнү менен жаздыртып, жүзөгө ашыруудабыз», — деди долбоордун директору.
Аталган синтезатор кыргыз тилиндеги электрондук китептерди, көркөм адабияттарды, интернет-сайттарды жана пайдалуу болгон веб-ресурстарды интернет түйүн ичинде кыргыз тилинде окууга мүмкүндүк түзүп берет.
Эске салсак, аталган долбоорго мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан тандалып алынган кыргыз эл жомоктору, ырлар, аңгемелер киргизилген. Мындан тышкары, балдар реферат, курстук иштер, дипломдук иштер менен жакындан таанышып, редакциялоого мүмкүнчүлүк алышат.