09:22, 18 июня 2018, 24.kg

Сапар Исаков менен аялынын жолугушуусу тууралуу маселе жакынкы күндөрү чечилет

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков менен аялынын жолугушуусу тууралуу маселе жакынкы күндөрү чечилет. Бул тууралуу анын жактоочусу Учкун Каримов «24.kg» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жолугушуу үчүн уруксат алууда атайын процедурадан өтүү керек.

«Сапар Исаковдун аялынан жолугушууга уруксат суроо тууралуу арызы келип түштү. Учурда каралып жатат. Жакындары менен айына экиден көп эмес жолугушууга уруксат берилет. Кезек деген бар», -деди Учкун Каримов.

Ал экс-премьер-министр өзүн жакшы сезип жатканын жана кармоо шарттарына карата нааразычылыгы жок экендигин кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18