Түркмөнстандын аймактарында нан паспортун көрсөткөндөргө гана сатылууда
Түркмөнстандын аймактарында нан паспортун көрсөткөндөргө гана сатылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, өлкөнүн облустарынын көбүндө сатыкта ун жок. Дашөгүз облусунун тургундары ун сатып алуу үчүн бир ай кезек күтүүгө аргасыз болушууда.
Ал ортодо Ашхабадда шекер, ун жана өсүмдүк майы тартыш болуп жатканы кабарланууда. «Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» сайтынын маалыматына караганда, борбордогу мамлекеттик дүкөндөрдө үй-бүлөдөгү ар бир чоң адамга бир килограммдан шекер жана 12ден гана жумуртка сатылат. Ошол эле маалда кичинекей балдар үчүн бул азыктарды сатып алууга мүмкүн эмес.