17:17, 14 июня 2018, 24.kg

Бишкекте жаңы сейил бак ачылды

Дэн Сяопин проспектиси менен Садыгалиев көчөсүнүн кесилиши эми шаардыктардын сүйүктүү эс алуучу жайына айланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

«Бишкек жашыл чарба муниципалдык» ишканасынын кызматкерлери эки ай бою 1890 чарчы метр аянтты иретке келтирүү менен алектеништи. Алгач пландоо иштери жүргүзүлүп, андан соң жердин үстүндөгү топурак алынып, ордуна кара топурак төшөлдү.

Даяр болгон жерге «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын кызматкерлери 13 ири өлчөмдөгү, 20 ийне жалбырактуу көчөт, 24 пузыреплодник жана вейгел бадалдарын отургузушту. Ошондой эле кызматкерлер сейил бакты ар кандай түстөгү 5500 бир жылдык гүлдөрдү кооздоп чыгышты. 



Көчөттөрдү жана гүлдөрдү тамчылатып сугаруу үчүн 700 метрлик сугат системасы курулду.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан сейил бакка тосмолор, отургучтар, таштанды күркөлөрү, видео байкоочу аппараттар жана балдар ойноочу аянтча орнотулду.


Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18