16:49, 14 июня 2018, 24.kg

Боом капчыгайында уйларды жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен

Боом капчыгайында уйларды жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунан Бишкекти көздөй келе жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу тормозун басууга жетишпей калган. Жыйынтыгында ал бир канча уйду сүзүп алган.

Кошумчалай кетсек, уйларды чабан жайлоого айдап бара жаткан.

Учурда жүк ташуучу унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Өлгөн бодо малдардын так саны азырынча белгисиз.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18