Астана Түндүк Кореяны Казакстандан үлгү алууга чакырды
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ президенти менен Түндүк Корея лидеринин 12-июндагы жолугушуусу боюнча расмий билдирүү жасады.
Ошондой эле билдирүүдө Астана «Пхеньяндын өзөктүк куралдан баш тартуу аракеттерин» жогору баалап, Түндүк Корея режимин бул багытта Казакстандан үлгү алууга чакырды. Казакстан өткөн кылымдын соңунда өз каалоосу менен өзөктүк потенциалдан баш тартып, дүйнөдөгү эң ири өзөктүк сыноо полигонунун бирин жапкан.
12-июнда Сингапурда өткөн АКШ-Түндүк Корея саммити тарыхта алгачкысы болду. Америкалык президент Дональд Трамп менен түндүк кореялык лидер Ким Чен Ын 45 мүнөттүк жеке жолугушуу өткөрүштү. Буга чейин Түндүк Кореянын бир дагы лидери АКШнын бийликтеги президенти менен жолуккан эмес.