12:02, 14 июня 2018, 24.kg

Тажик жарандары 4200 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы чек арачылар 4 200 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет кылган тажикстандык 2 жаранды кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, коңшу өлкөнүн жарандары Исхак Раззаков атындагы айылынан анча алыс эмес жерде, чек ара тилкесинен 100 метр аралыктан кармалды. Алар Тажикстандын аймагына өтүп кетүүгө аракет кылышкан.

«Алардын жанында жүккө тиешелүү документтери жок болгон. Кармалгандар административдик айып пул төлөштү», — деп билдиришти аталган кызматтан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18