Премьер-министр өкмөттүн 2017-жылы аткарган ишин канааттандыраарлык эмес деди
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2017-жылы аткарган ишин канааттандыраарлык эмес деп тапты. Ал бүгүн Жогорку Кеңеште отчет берүүдө.
Анын айтымында, былтыркы жыл 339 чукул кырдаалдын түзүлүшү, Дача-СУга учактын кулашы, Өзгөн жана Чоң-Алайдагы кырсыктардын болушунан улам оор болду.