11:12, 14 июня 2018, 24.kg

Бишкекте Орозо айт майрамына карата 1 500дөн ашык тартип сакчылары кызмат кылат

Бишкекте Орозо айт майрамына карата 1 500дөн ашык тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте кызмат кылат. Алардын максаты жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо болуп саналат.

Маалым болгондой, Эски аянттын айланасында унаа кыймылдарына убактылуу чектөө киргизилет:

—Чүй проспектинен Абдрахманов жана Тоголок Молдого көчөлөрүнө чейин;

—Абдымомунов жана Абдрахманов көчөлөрүнөн Логвиненкого чейин;

—Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнөн Тоголок Молдого чейин;

—Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнөн Чүй проспектине чейин;

—Эркиндик бульварынан Фрунзе жана Абдымомунов көчөлөрүнө чейин;

— Логвиненко көчөсүнөн Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейин.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18