08:41, 14 июня 2018, 24.kg

Тажикстанда терроризмди «лайк» аркылуу колдогондор түрмөгө кесилет

Тажикстанда мындан ары эл алдында теракт жасоого чакырык таштап же терроризмди кубаттагандар 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тажикстандын көз карандысыз массалык маалымат каражаттары ассоциациясынын төрагасы Нуриддин Каршибоев Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү – экстремизм жана терроризмге байланышкан жазаларды күчөтүү жараянынын уландысы экенин белгиледи.

Тажикстандын соттук тажрыйбасында өлкөдө тыюу салынган уюмдардын маалыматтарына же террордук мүнөздө деп эсептелген материалдарга «лайк» баскан интернет колдонуучуларын түрмөгө кескен учурлар катталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18