17:51, 13 июня 2018, 24.kg

Бишкекте соттук коллегия Сапар Исаковду камакта калтыруу чечимин кабыл алды

Бишкек шаардык сотунда экс-премьер-министр Сапар Исаковду колдоо акциясы өтүп жатат. Имаратка 100дөй киши чогулду. Алардын арасында Сапар Исаковдун партиялаштары, анын туугандары жана тарапташтары бар.

Алар колдоруна «Адилеттүү иликтөө үчүн», «Исаковду кое бергиле!», «Биз Сапарды колдойбуз» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

Соттук отурум башталганда жаңжал чыкты. Анткени, жактоочу Нурбек Токтакуновду ичкери киргизишкен жок. Маалым болгондой отурум жабык түрдө өтүп, жыйынтыгында  соттук коллегия Сапар Исаковду камакта калтыруу чечимин кабыл алды

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18