16:19, 13 июня 2018, 24.kg

Баткенде дан эгиндерин оруп жыйноо жумуштары башталды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында буудайды оруу иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, райондун аймагындагы 2 865 гектар кылкандуу дан эгиндери жыйналат. Ага 30 комбайн тартылган.

Адистердин айтымында, быйыл буудайдын түшүмү жакшы. 2017-жылы гектарынан 26 центнерден түшүм алынган болсо, бул жылы орто эсеп менен 30 центнерден түшүм алуу пландалууда.

Эске салсак, быйыл Баткен облусунда 38 миң гектар жерге кылкандуу дан эгиндери эгилген.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18