Садыр Жапаровдун соту. Соттук отурумдагы жаңжал
Экс-депутат Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар тараптардын айтышууларынан кийин соттук коллегиядан биринчи жана экинчи инстанцияны күчүндө калтырууну суранышты. Ал эми коллегия чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетишти.
Эске салсак, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмил Кайыпов экс-депутатты 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу тууралуу чечимин чыгарган. Соттолуучуга 2013-жылы Караколдогу башаламандыкты уюштурганга катышкан деген айып тагылган.