16:01, 13 июня 2018, 24.kg

Фергана облусунда 9 жаштагы бала тирүүлөй өрттөнүп кетти

Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Бекабад шаарындагы фермалардын биринен 9 жаштагы бала тирүүлөй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу «Фергана» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, чоң атасы өрүк терип келиш үчүн, небересин ВАЗ-2102 үлгүсүндөгү унаа менен кошо алып келген. Кароосуз калган бала унаанын ичиндеги 5 литрлик бензинди төгүп, ширеңке чагып жиберген. Унаа толугу менен күйүп ичиндеги бала каза тапты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, унаанын эшиги бек болгондуктан, баланы сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Күйүп кеткен унааны айылдыктар өз күчтөрү менен өчүрүшкөн. 

Photo 75970

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18