14:08, 13 июня 2018, 24.kg

Германияда «Жамиля» тасмасы немис тилинде көрсөтүлдү

11-июнда Германиянын Халле шаарында залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында «Жамиля» тасмасы немис тилинде көрсөтүлдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тасманы көрсөтөөрдөн мурун, көп жылдан бери залкар жазуучунун чыгармачылыгы менен алектенген жазуучу-айтматовчу, сынчы Ирмтрауд Гучке тасма тууралуу кыскача айтып берди.

Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эринес Оторбаев катышкандарга ыраазычылык билдирип, жазуучунун чыгармачылыгы бүткүл дүйнөдөгү окурмандар үчүн кызыктуу экенин белгиледи.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18