13:34, 13 июня 2018, 24.kg

Шавкат Мирзиёев 226 кишиге ырайым кылды

12-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Жасаган кылмыштары үчүн өкүнүп, оңолуу жолуна түшкөн камактагы адамдарга ырайым берүү тууралуу» жарлыкка кол койду.

Алардын 102си жазадан толук кутулат. 71и шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкса, 39 адамдын жазасы жеңилдетилип, жалпысынан абактардан 212 киши бошотулат. Андан тышкары 14 адамдын камактагы мөөнөтү кыскарат.

.

Жарлыкты ишке ашыруу үчүн жооптуу министрликтер менен мекемелерге абактан чыккан адамдардын туугандары менен жакындарына жетүүсүнө, социалдык адаптациясына, пайдалуу иштер менен алектенүүсүнө жана коомдо татыктуу ордун табуусуна көмөктөшүү тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18