Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору тендерсиз ишке ашырылат
Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору тендерсиз ишке ашырылат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.
«Сынак өткөрүп аз өлчөмдөгү бааны сунуштаган компанияны тандап алуу чечими кабыл алынды», — деди Кубатбек Боронов.
Ал кошумчалагандай, өкмөт долбоорду өз эсебинен ишке ашыра турган өнөктөш компанияны табуу ниетинде.