11:11, 13 июня 2018, 24.kg

Ирина Карамушкинанын кызынын ноутбугун таксинин айдоочусу уурдап кетти

Депутат Ирина Карамушкинанын кызынын ноутбугун таксинин айдоочусу уурдап кетти. Бул тууралуу депутат айым Жогорку Кеңештин отурумунда «Коопсуз шаар» долбоорун талкуулап жатып билдирди.

Ал оюн-зоок мекемелерине камераларды орнотуу иштери кандай болуп жатканына кызыкты.

Кубатбек Бороновдун айтымында, өкмөттүн токтому менен кафе, ресторан, соода борборлору өзүлөрү камераларды орнотушу керек. Кийинчерек аларды «Акылдуу шаар» системасына кошуп коюшат.

«Биз камера иштебегендиктен көйгөйгө тушуктук. Таксинин айдоочусу кызымдын ноутбугун алып кетиптир. Камера менен ал унааны таппай калдык», -деди Ирина Карамушкина.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18