Кытай Казакстандын бажы бекеттерин модернизациялоого насыя берет
Кытай тараптан казак өкмөтүнө бериле турган узак мөөнөттүү насыя өлкөнүн тышкы карызынын көбөйүшүнө алып келбейт. Бул тууралуу 12-июнда Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов билдирди.
«Бул узак мөөнөттүү насыя болот. Каржы шарттары дагы талкууланат. Болжол менен эки пайыздык үстөк менен берилет. Тактап айткандай, бул өтө арзан насыя болот», — деди ал.
Бахыт Султановдун айтымында, Кытай жеңилдетилген насыяны бажыдагы өткөрмө бекеттерди модернизациялоо үчүн берет. Министр учурда болжолдуу келишим макулдашылганын белгиледи.