III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 102 өлкөгө чакыруу берилди
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 102 өлкөгө чакыруу берилди, алардын 80и менен байланыш түзүлдү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой учурда болгону 10 мамлекет гана катышууга макулдугун беришти.
Кыргызстан президенттерди дагы кабыл алууга даяр. Айрым өлкө башчылары аталган иш чараны көрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришкен. Көчмөндөр оюнуна Түркия, Татарстан, Монголия, Өзбекстан, Казакстандын башчыларынын келүүсү күтүлүүдө. Азырынча расмий кат келе элек.
Көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи 2-сентябрда болот. 3-сентябрда Кырчын этнокыштакчасы меймандарды тосуп алат.