17:44, 12 июня 2018, 24.kg

25 гектарга жайылган роза талаасы

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы «Жердев багы» питомнигинде таңкы саат 7ден баштап иш кызуу жүрөт. Жумушчуларды кичиавтобус Эпкин жана Юрьевка айылдарынан ташып келет. Мында иштегендердин ар биринин жумушу ар башка: жапайы розаларды кыйыштыруу, бутактарын кыркуу, гүлдөрдү отоо.

Айгүл менен Асел мектеп окуучулары. Алар жайкы эс алуу күндөрүн бош өткөрбөй ата-энелерине жардам берүүнү чечишкен. Күндүн ысыгына карабай ачык талаада чоңдор менен теңтайлаша иштеп жатышат. Алардын катарында 1-курстун студенти Мээрим Өмүркул кызы үч жылдан бери келип иштейт. 

— Жайкы сезондо иштеп ата-энеме жардам кылам. 3 айда 40 миң сомдун тегерегинде акча таап, кем-карчыма жумшайм. Кечкисин 6 да жумуш бүтүп, үйлөрүбүзгө жеткирет. Аванс сурасаң берет.

Бул жакта жапайы розалардан кийинки талаада роза гүлдөрү талаасы жатат. Азырынча гүлдөр толугу менен ачыла элек. Мында түркүн түстөгү роза гүлдөрүн көрүүгө болот. Күзүндө жалбырактары жана сабактары кесилет. Жыл сайын ушундай көрүнүш кайталанат.

Ольга Жердева аянты 25 гектарга жеткен питомниктин кожойкеси. Жолдошу экөө каралбай калган таштак жерди ижарага алып кайра иштетип гүлдөтүп алды. Алар үчүн 18 жылдан бери чарбакта отургузулган ар бир көчөттүн мааниси чоң.

— Таштак жерге эч нерсе өспөйт, мындан улам бул жерге топурак, кык алып келип төгүп, көп жылдык өсүмдүктөрдү септик. Ошентип айдоо жерлерин жасап алдык. Бул жакка 2000-жылы келгенбиз, тынымсыз эмгектин арты менен жерди гүлдөттүк. 

Учурда питомникте 40тан ашык сирендин, 700дөй розанын түрү өстүрүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18